АКШлык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде үчүнчү орунга түшүп калды.
Андан Louis Vuitton компаниясынын президенти Бернард Арно өтүп кетти.
Маск өткөн суткада 3 миллиард доллар жоготуп, байлыгы 160,6 миллиард долларды түздү. Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос лидерлигин сактап калды. Анын байлыгы 190 миллиард долларга жетти.