Түркмөнстанда мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун жылкысына эстелик коюлат

Түркмөнстанда мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун жылкысына эстелик коюлат. РИА Новости жазгандай, мындай токтомго анын уулу, учурдагы президент Сердар Бердымухамедов кол койду. Акхан аттуу ахалтекин тукумундагы ат 2018-жылы Гиннес рекорддор китебине дагы катталган.

 

Анда ал алдыңкы буттарын жогору көтөрүп, арткы буттары менен гана 10 метр басып өткөн.

 

Белгилеп кетсек, бул мурдагы президенттин жаныбарына коюла турган биринчи эстелик эмес, буга чейин анын итине дагы айкел тургузулган.