Эртеңден тарта Бишкекте карызын төлөбөгөн 4 миң 300 абоненттин жарыгы өчүрүлөт.
Чүй электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, бересеси барлардын электр энергиясы аралыктан чектелет.
Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн компания абоненттерди эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.
Карызды почта бөлүмдөрүндө, кезек күтпөстөн терминалдар, электрондук капчыктар аркылуу дагы төлөсө болот.