Индияда жүздөгөн адам белгисиз илдетке чалдыкты, бирөө көз жумду

Индиянын түштүгүндөгү Андхра-Прадеш провинциясындагы Элуру шаарында жекшембиде бери дегенде 450дөн ашык адамга белгисиз оору жукту. Дүйшөмбүдө бир бейтап көз жумду. Дарыгерлердин айтымында, ооругандар кусуп, эстен танып, калтырап-титиреп калышкан.

 

Бул белгисиз илдет Индияда коронавирус пандемиясы күч алып турган маалга туш келди. Бул өлкө ооругандардын санына карап дүйнөдө экинчи орунда турат. Өпкөсү сезгенип ооругандардын саны Индияда 9,7 миллион адамга чамалады, 140 миңден көп бейтап көз жумду.

 

Андхра-Прадеште коронавирус болгондор 800 миңден ашкан жана 28 штаттын жана сегиз бириккен аймактын арасында үчүнчү орунда турат.

 

Штаттын министри Кали Кришна Шринавас белгисиз оору менен бейтапканага түшкөндөрдөн коронавирус же дагы башка вирустун түрү аныкталбаганын билдирди. «Ооругандардын, айрыкча балдардын көздөрү ачыша баштаган. Андан кийин кусуп, эстен танган, ошондой эле талмасы кармагансып муундары калтырап-титиреген», — деп айтты министр.

 

Дүйшөбүдө 70 бейтап ооруканадан чыгарылды, калгандары дагы эле дарыланып жатат. Оору чыккан шаарга штаттан атайын адистер жөнөтүлдү.

Оппозициячыл «Телугу Десам» партиясы алар жапырт ууланган болушу мүмкүн экенин билдирип, окуяны жакшылап иликтеп-текшерүүнү талап кылып жатат.