Твиттер компаниясы Илон Маскты сотко берди

Твиттер компаниясы Илон Маскты сотко берди. Маалыматка ылайык, америкалык миллонер 44 миллиард долларга бааланган келишимди бузгандыгы үчүн айыпталууда. Маск Твиттер жана анын акционерлеринин алдындагы милдеттенмелерин аткаруудан баш тартты.

 

Белгилеп кетсек, келишим бир тараптуу бузулса, Маск компанияга 1 миллиард доллар айып төлөшү мүмкүн.

 

Эске салсак, буга чейин Илон Масктын Твиттерди дээрлик 44 миллиард долларга сатып алгандыгы айтылган.