Гонконгдо дээрлик 3 миллион долларлык нефриттен жасалган шуру уурдалды

Гонконгдо дээрлик 3 миллион долларлык нефриттен жасалган шуру уурдалды.

Каракчылардын кол салуусу эң кымбат салондордун биринде болду.

Эки кылмышкер дүкөнгө сатып алуучулардын атын жамынып келип, андан соң сатуучуну бычак менен коркутуп, мончокту алып качып кетишкен.

Аларды сыртта унаа менен дагы бир шериги күтүп турган.

Учурда милиция кылмышкерлерди издеп жатат.