Instagram колдонуучуларга профилдин сеткасын алмаштырууга мүмкүнчүлүк берет

Instagram колдонуучуларга профилдин сеткасын алмаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул функциянын жардамы менен публикациялардын ордун алмаштырып, каалагандарын үстүнө чыгарып койсо болот.

 

Жаңычылдыкты колдонуучулар жакынкы арада сыноодон өткөрө алат. Эске салсак, учурда инстаграмдагы профилдеги посттордун жайгашуусун өзгөртүүгө жол берилбейт, алар хронологиялык тартипте жайгашат.