Бишкектин Арча-Бешик конушунда 500 орундуу мектеп курулуп жатат

Бишкектин Арча-Бешик конушунда 500 орундуу мектеп курулуп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, 2 кабаттуу имарат тургузулуп, инженердик тармактар өткөрүлдү.

 

Учурда ички жана сырткы жасалгалоо иштери жасалууда. Мектептин курулушу Кыргызстан менен Сауд Арабия ортосундагы кредиттик макулдашууун алкагында салынып жатат. Объект колдонууга ушул жазда берилет.