13-январдан тарта Казакстандын бир катар аймагында өзгөчө абал режими алынат

13-январдан тарта Казакстандын Батыш Казакстан, Павлодар жана Чыгыш Казакстан облустарында өзгөчө абал режими алынат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Билдирмеге караганда, аталган документке президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон.
«Документке ылайык, 13-январь күнү саат 7:00дөн тарта Казакстандын Батыш Казакстан, Павлодар жана Чыгыш Казакстан облустарында өзгөчө абал режими алынат», — деп жазылат маалыматта.
Коңшу мамлекеттеги башаламандыктан улам президенттин жарлыгы менен өлкөнүн бир нече шаар, аймактарына өзгөчө абал режими киргизилген.