Инстаграмда кезектеги жаңы функция. Эми колдонуучулар жаңы постторду компьютер аркылуу киргизе алат

Инстаграмда кезектеги жаңы функция. Эми колдонуучулар жаңы постторду компьютер аркылуу киргизе алат. Бул тууралуу “Фейсбуктун” басма-сөз катчысы Кристин Пай билдирди.

 

Алгач компания мындай идеяга каршы болчу.

 

Анткени, инстаграм смартфондордун колдонуучулары үчүн атайын ойлоп табылган социалдык тармак. Бирок кийин анын компьютердик версиясын дагы колдонгдор көп экени аныкталды.