Иранда калып калган айдоочулардын маселеси чечилип, Кыргызстанга кайтып келе жатат

Иранда калып калган айдоочулардын маселеси чечилип, Кыргызстанга кайтып келе жатат. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, учурда 60 айдоочунун 21и казак-орус чек арасындагы “Караозек” көзөмөл-өткөрмө жайына жөнөштү. Дагы 10 унаа Азербайжан-Россия чек арасындагы “Самур” жайынан өтүүдө.

 

Ал эми 25 унаа Казакстан аркылуу келе жатат.  Эске салсак, кыргызстандык жүк ташыган айдоочулар коронавирустан чек аралар жабылгандыктан, Ирандан чыга албай калышкан.