Италия курамасынын дарбазачысы Джанлуиджи Доннарумма Европа чемпионатынын мыкты оюнчусу аталды. Голкипер өз командасы үчүн турнирдеги бардык беттештерге катышып, тайпалык бөлүктө бир дагы топту киргизген жок.
Ал эми финалда ал пенальти сериясында мыкты коргонуу көрсөтүп, өз курамасы үчүн жеңишти камсыздап берди.
Джанлуиджи Доннарумма болгону 22 жашта жана ал легендарлуу дарбазачы Джанлуиджи Буффондун шакирди болуп эсептелет.