Өзбекстан латын арибине өтүүнү тездетет

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бардык министрликтерге, мамлекеттик мекемелерге жана уюмдарга өзбек тилин латын арибине өткөрүүнү тездетүүгө буйрук берди. Ушундай эле талап Каракалпакстандын Министрлер кеңешине, Ташкенттин акимчилигине жана облустардын жетекчилерине дагы тиешелүү.

 

Буга чейин 21-февралда Өзбекстандын Министрлер кабинети латын арибине акырындык менен өтүүнүн “жол картасын” бекиткен. Ага ылайык, жерлердин, көчөлөрдүн, терминдердин жана мекеме-уюмдардын аталыштары, иш-кагаздары, массалык үгүт иштери менен көрнөк-жарнактар 2022-жылдын декабрь айына чейин латын арибине өтүүгө тийиш болчу.

 

Эми бул чечимге өзгөртүү кирип, Өзбекстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата 1-августка чейин бардыгын шашылыш түрдө латын арибине өткөрүү тапшырмасы берилди.

 

Казакстан 2017-жылы ишти баштап, 2025-жылга чейин толугу менен латын арибине өтүүнү мерчемдеген.

Ушундай эле иш-чаралар Кыргызстанда дагы талкууга алынып, бирок андан майнап чыга элек.