Италиянын жээгиндеги Портофино шаарынын бийлиги селфиге тыюу салды

Италиянын жээгиндеги Портофино шаарынын бийлиги селфиге тыюу салды. Азырынча мындай эреже сүрөттөрүн көбүнчө социалдык тармактардан кездештирүүгө болгон кооз жерлерге тиешелүү.

 

Тыюуну бузган туристтерге 275 евро айып салынат.

 

Мындай чара шаардын тар көчөлөрүндөгү жөө жүргүнчүлөрдүн тыгынына каршы күрөшүү максатында кабыл алынды. Маалыматка ылайык, бул жерге жыл сайын толгон-токой турист келет, алар сүрөткө түшүү үчүн токтогондо көчөлөрдө хаос өкүм сүрөт.