Баткен районунда жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап калды

Баткен районунда жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап калды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, курулуштун узундугу 60 метрди түзөт.

 

Көпүрө Ак-Сай жана Капчыгай айылдарын бириктирет.

 

Белгиленгендей, объект мектеп окуучуларынын шартын жеңилдетет. Буга чейин Капчыгай айылындагы окуучулар Ходжаев атындагы мектепке барыш үчүн дээрлик үч чакырымдай айланма жол менен өтүшчү. Эми бул аралык эки эсеге кыскарат.