Жаңы жылдык майрамдарда коомдук тартипти 10 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 30-декабрдан 2-январга чейин мекеменин өздүк курамы күчөтүлгөн режимде иштейт.
Маанилүү, стратегиялык объектилерди коргоого жана жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары эл көп чогулган жерлерде тартипти сактоо күчөтүлөт.