Эгемендик күнүнө арналган Чуңкурчак жайлоосунда өткөн иш-чарага 10 миңден ашык адам катышты

Эгемендик күнүнө арналган Чуңкурчак жайлоосунда өткөн иш-чарага 10 миңден ашык адам катышты. Маданият министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, бул жерде ошондой эле 300 боз үйдөн турган этно-айыл тургузулду.

 

Майрамдык иш-чарага катышкан жогорку даражадагы аткаминерлерге жана чогулган элге театрлашкан көрсөтүүлөр, ат чабыш жана 15 улуттук оюндар боюнча мелдештер тартууланды.