Кыргызстанда Pfizer вакцинасы менен эмдөө башталды

Кыргызстанда Pfizer вакцинасы менен эмдөө башталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Препарат Бишкектин жана өлкөнүн бардык аймактарындагы бейтапканаларга жеткирилди.

 

Эске салсак, 8-августта өлкөгө Pfizer вакцинасынын  100 миңден ашык дозасы келген. Ал эми аны аралаштыруучу суюктук өткөн жумада жеткирилди.