Экономика министрлиги АИ-80, АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге жана дизелдик отунга бааларды 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салууну сунуштады

Экономика министрлиги АИ-80, АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге жана дизелдик отунга бааларды 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салууну сунуштады. Токтом долбоору министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлду.

 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, жыл башынан бери республика боюнча АИ-80 үлгүсүндөгү бензин орточо эсеп менен 23 сомго, АИ-92 — 22 сомго, дизель 17 сомго кымбаттады.