Таласта 600дөн ашык турак үй сел коркунучунан корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Мекеменин мерчемине ылайык, Талас облусунун Талас, Манас, Бакай-Ата райондорундагы 7 сел өткөрүүчү канал тазалоо иштерине сунушталган. Аткарылган иштердин натыйжасында 600дөн ашуун турак жай, мектеп, бала бакча, көпүрөлөр жана администрациялык мекеме корголду.
Мындай иштер алдыда дагы уланат.