Электр энергиясын колдонуу жылдан-жылга 6-10 пайызга чейин өсүп жатат

Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу жылдан-жылга 6-10 пайызга чейин өсүп жатат. Бул тууралуу Novosti.kgге «Улуттук электр тармактары” ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.

 

“Бизге ай сайын 10-30 миңге чейин жаңы абонент кошулуп турат. Анткени көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Мындан тышкары электр энергиясын күндөн-күнгө көп колдонуп жатабыз. Ошон үчүн кышында электр энегриясын үнөмдөңүздөр, туура колдонуңуздар деп үндөп турабыз. Анткени өтө чоң нагрузка келгенде биздин да автоматтар өчүп калышы мүмкүн.”

 

«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ишканасынын карамагында 1,5 миллион абонент бар. Анын 93 пайызы калк, 7 пайызына социалдык объектилер кирет.