Эртең, 20-февралда Бишкектин эки конушунда таза суу жок болот. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин суу Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо конуштарында өчүрүлөт.
Убактылуу чектөөлөр суу дарбазаларында жана суу түтүк тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу.