Бишкек мектептеринде бүгүн жана эртең сабактар кыскартылган тартипте өтөт

Бишкек мектептеринде бүгүн жана эртең сабактар кыскартылган тартипте өтөт. Суукка байланыштуу тиешелүү буйрукту Билим берүү министрлиги чыгарган. Ага ылайык, 20-февралга чейин биринчи смена эртең мененки саат 9да башталат, ал эми экинчиси күндүзгү 4тө бүтүшү керек.

 

Сабактар 30 мүнөткө гана созулат. Бала бакчалар кадимки тартипте иштейт, бирок ата-энелер өз каалоосу менен балдарын алып келбей койсо болот.

 

Ал эми аймактардагы мектептер класстардагы температурага жараша сабактарды кыскартуу чечимин өз алдынча кабыл алат.