Кыргызстандыктар алдамчы түзүмдөр активдешип жаткан шартта сак болуусу шарт

Кыргызстандыктар алдамчы түзүмдөр активдешип жаткан шартта сак болуусу шарт.

Мамлекеттик финансылык көзөмөл органынын маалыматына караганда, өлкөдө соңку мезгилде турак-жай, курулуш же аманат кооперативдери пайда болду.

Алар курулуп жаткан турак-жайды сатып алуу үчүн кредиттерге альтернатива сунушташат жана ошол эле учурда шарттары абдан жагымдуу көрүнөт.

Бирок, алардын көбү каржы пирамидасы болуп саналат.

Мекеме мындай уюмдардын ишмердүүлүгү мыйзамдуу экенине ынануу үчүн уюштуруу документтерин талап кылууну сунуштайт.