Эртең кечинде Бишкекте өлкөнүн башкы балатысынын оту жанат. Ала-Тоо аянтындагы Жаңы жылдык кооздуктун бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, ага 1 миң 400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилген.
Аянтты жана балатыны кооздоо үчүн 7 миңден ашык оюнчуктар колдонулду.
Майрамдык иш-чараларга байланыштуу эртең кечинде Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан Панфиловго чейин унаа кыймылына чектелет.