Жогорку Кеңеш 2024-жылдын бюджетин кабыл алды

Жогорку Кеңеш 14-декабрдагы жыйынында мамлекеттик бюджеттин 2023-жылдагы аткарылышын жактырды. Бюджеттин кирешеси 352 млрд 807 млн сом, чыгашасы 361 млрд 795 млн сом болду. Тартыштык 8 млрд 987 млн сомду түздү.

 

Парламент ушул эле күнү 2024-жылдын бюджетин бекетти. Министрлер кабинетинин эсебинде кийинки жылы киреше 378 млрд 400 млн сом болуп, чыгаша 367 млрд 500 млн сомго жетет. Республикалык бюджеттин профицити 10 млрд 9 млн сом болот деп бекитилди.

Профицит – өлкөнүн кирешеси чыгашасынан көп болгондогу көрсөткүч.

 

Мамлекеттик бюджет боюнча мыйзам долбоору өлкөдөгү эң негизги документтердин бири. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев долбоор каралар алдында өкмөт 15-16-декабрь күндөрү Бишкекте өтө турган Элдик курултайга даярданарын айтып, талкууну саат 13:00гө чейин эле өткөрүү сунушун берип, ал колдоо тапты.

Жыйынтыгында бюджет боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу үч сааттай суроо-жооп болуп, ал дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты. Эми документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.