Көкбөрү федерациясына жаңы президент шайланды

17-октябрда Бишкекте Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын кезектеги жыйыны өтүп, анын жаңы президенти болуп Рамис Жунусалиев шайланды.

Жыйында федерациянын мурдагы президенти Талас Бегалиевдин отчётун угуу жана жаңы президентти шайлоо маселеси каралган. Шайлоого катышкан 58 делегат жалгыз талапкер Жунусалиевди бир добуштан колдоду.

 

Жыйынга Эл аралык көкбөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев, спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов жана Көкбөрү федерациясынын өкүлдөрү катышты.

 

Рамис Жунусалиев көкбөрү оюнунун эрежесин жакшыртууга жана аны аймактарда да өнүктүрүүгө басым жасай турганын билдирди.

“Бүгүнкү күндө көкбөрүдөгү бирден бир маселе бул эрежени иштеп чыгуу экенин бардыгыңыздар билесиздер. Канча жылдык тарыхы бар футбол оюну да бүгүнкү күнгө чейин эрежесин алмаштырып келет. Ал эми көкбөрү динамикалуу спорт болгондуктан, ар дайым жаңыланууга муктаж. Эрежени жаңылоодо көп маселелер бышып жетилди. Жаңыланууну киргизүүдөн коркпошубуз керек. Анан 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкбөрүнү тай казан менен өткөрүүгө бар аракетимди жасайм, — деди Жунусалиев.

 

Жунусалиев 2022-жылдан бери федерациянын вице-президентинин милдетин аткарып келген. Кызматын өткөрүп берген Канат Бегалиев федерацияны бир жыл жетектеди.