Индия жана Кытайдын жарандарына Кыргызстанга белгилүү шарт менен 7 күнгө визасыз кирүүгө уруксат берилди

Индия жана Кытайдын жарандарына Кыргызстанга белгилүү шарт менен 7 күнгө визасыз кирүүгө уруксат берилди. Мындай маалымат Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

 

Анда АКШ, Британия, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө көп жолу жана узак мөөнөткө виза ачтырган индиялык жана кытайлык жарандар Кыргызстанга бир жумалык мөөнөттө визасыз режим менен кире алары жазылган.

 

Кайра кирүүнү каалагандар Кыргызстандан чыгып кеткенден 21 күн өткөндөн кийин кирсе болот. Ошондой эле Гонконг жана Макаонун тургундарына 30 күндүк визасыз режим берилет, бирок кайра учуп кетүүгө авиа билети болушу шарт.