Кадамжайда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды

Кадамжайда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, түшүмдүүлүк гектарына 28 центнерден алынууда.

 

Маалыматка ылайык, быйылкы жылда облус боюнча 26 миң 800 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген болсо, анын 6 миң 90 гектардан ашыгы күздүк эгин, 20 миң 700дөй гектары жаздык эгин.