Кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмесине 200 миңден ашык адам киргизилди

Кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмесине 200 миңден ашык адам киргизилди. БШКнын маалыматына ылайык, жарандар андан өздөрүн 16-февралга чейин тактап алышы керек.

 

Эгер жеке маалыматта кандайдыр бир катачылыктар табылса, добуш берүүчүлөр тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына кайрылышы зарыл. Эске салсак, Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорунда кайра парламенттик шайлоо 27-февралда өтөт.