Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын балансында   476 автобус бар

Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын балансында   476 автобус бар. Бирок линияларга күн сайын анын 85и гана чыгарылат, — деп билдирди Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев.

 

Анын айтымында, 300дөн ашык автобустун эскилиги жетип, алар жөн гана автопаркта орун ээлеп турат.

 

Андыктан, департамент аларды баланстан чийип салуу үчүн документтерди даярдады. Автопарктын аймагын бошотуп, ондоп, жаңы автобустарды кабыл алууга даярдоо пландалууда.