Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо ушул жазда өтөт. Бул тууралуу кененирээк Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев айтып берет.
“Быйыл 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелге чейин эл жана турак-жай фондун каттоо өнөктүгү Кыргыз Республикасынын аймактарында өтөт. Бул эл жана турак-жай каттоо мезгилинде 28 миңге жакын биздин жарандар эл жана турак-жай каттоону өткөрөт”
Эске салсак, Кыргызстан калкын каттоо 2020-жылдын жазында өтмөк, бирок пандемиядан улам өнөктүк 2 жылга жылдырылган болчу.