Ош коронавирус эң көп катталгандар боюнча Бишкектен кийинки орунда.
Мындай көрүнүш соңку бир нече күндөн бери сакталып, Ош шаарында жана
Ош облусунда ооруну жугузуп алгандардын саны жалпысынан бир күндө
150-160тын тегерегинде болууда.
Буга чейин коронавирус боюнча Бишкектен кийинки орунда Чүй облусу турган.
8-июндан тартып Ош шаары менен Ош облусу «кызыл зонага» кирди. 12-июнда
Ош шаарындагы оор санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу
1-июлга чейин бардык массалык иш-чараларга чектөө киргизилди.
Кыргызстанда бул ооруну жугузуп алгандардын саны өсүүдө.