Канн фестивалында баш байгени Жюстин Трие алды

Быйыл Канн кинофестивалынын баш байгеси – «Алтын пальма бутагын» франциялык режиссер Жюстин Трие алды. Сыйлык ага “Жыгылуунун траекториясы” тасмасы үчүн берилди.

 

“Эркектин эң мыкты ролу” наамы “Кынтыксыз күндөр” тасмасында ойногон япониялык актер Кодзи Якусёге, “Аялдын мыкты ролу” байгеси түркиялык Мерве Диздарга ыйгарылды. Гран-при британ режиссеру Жонатан Глейзерге берилди.

 

Кинофестиваль ушуну менен 76-жолу өткөрүлдү.