Синьцзянда биринчи бийик тоолуу аэропорт ачылды

Синьцзянда биринчи бийик тоолуу аэропорт ачылды.

Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги билдирди. Жүргүнчүлөр лайнери буга чейин Үрүмчү – Ташкурган багыты боюнча учууну аяктады.

Аэропорттун терминалынын учуп-конуу тилкесинин узундугу дээрлик 4 миң метрди түздү.

Жаңы аба майдан деңиз деңгээлинен үч жарым миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан.

Жылдык жүргүнчүлөрдү ташуу 160 миң адамга, жүк жеткирүү 400 тоннага жетет деп болжолдонууда.

Аэропорттун курулушу эки жыл мурун башталган.

Долбоор үчүн кытайлыктар дээрлик 230 миллион доллар жумшады.