Кыргызстанга электромобилдерди 2025-жылдын 31-декабрына чейин бажы төлөмүсүз ташууга болот

Кыргызстанга электромобилдерди 2025-жылдын 31-декабрына чейин бажы төлөмүсүз ташууга болот.

 

Мындай чечимди өтүп кеткен жылдын ноябрында Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши кабыл алган.

 

Бажы төлөмүнөн Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанда туруктуу жашагандар гана бошотулат. Электромобилге ээлик кылуу, аны пайдалануу укугун Россияда туруктуу жашаган же жарандыгын алган жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат.