Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси алмашты

Кыргызстандын Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Марат Пирназаров дайындалды. Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-майда кол койду.

Пирназаров буга чейин аталган кызматтын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Буга чейин аталган кызматта Улан Сарбанов иштеп келген. Ал Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жетекчи болуп банктын директорлор кеңешинин 18-апрелдеги жыйынында бекитилген.