Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Нидерланд менен Аргентинанын курама командалары оюн өткөрдү.
Беттеш 4:3 эсебинде Аргентинанын жеңиши менен аяктады.
Эске салсак, буга чейин Бразилия менен Хорватиянын курамалары ортосунда беттеш өтүп, Хорватия жарым финалга жолдомо алган.
Чейрек финалда дагы эки оюн өтөт:
Португалия — Марокко оюну 10-декабрда саат 21:00;
Англия — Франция оюну 11-декабрда саат 01:00до болот.