Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан командалар белгилүү болду.
Анда төрт курама команда күчүн сынайт.
Алар Хорватия менен Аргентина жана Марокко менен Франция. Аргентина — Хорватия оюну 14-декабрда, Марокко — Франция беттеши 15-декабрда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1де өтөт.