Бразилиялык чабуулчу Ришарлисон футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы Сербия менен беттеште эң мыкты оюнчу деп табылды.
Ал киргизген эки голдун бири кооз ыкмалар менен жасалды.
Бразилия менен Сербиянын командаларынын беттеши 2:0 эсебинде Түштүк Америка курамасынын пайдасына аяктаган.
Кийинки турда Бразилия Швейцария, ал эми Сербия Камерун менен беттешет.
Эки беттеш тең 28-ноябрда болот.