Португалия жана Бразилия дүйнө чемпионатын ийгилик менен баштады. Криштиану Роналдунун командасы Гана курамасы менен кез келип, оюн минималдык айырма 3:2 эсебинде жыйынтыкталды. Голдорду Криштиану Роналду, Жуан Феликс жана Рафаэль Леао киргизди.
Ал эми Коштанын дарбазасын Андре Айю жана Осман Букари багындырды.
Бразилия – Сербия беттешинде лидер ачык байкалып турду. 2:0 менен аяктаган оюнда дубльду Ришарлисон Андраде жеке эсебине жаздырды.