Ысык-Көлдө 300 мегаватт кубаттуулуктагы биринчи күн станциясынын курулушу башталды

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында 300 мегаватт кубаттуулуктагы биринчи күн станциясынын курулушу башталды.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, долбоордун баасы 300 миллион долларды түзөт.

Белгиленгендей, күн станциясы жылына 600 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрө алат.

Бул 140 миллион кубометрден ашык жаратылыш газын пайдаланууга барабар.