Катарлык шейх “Манчестер Юнайтед” клубун рекорддук суммага сатып алуу ниетинде

Катарлык шейх “Манчестер Юнайтед” клубун рекорддук суммага сатып алуу ниетинде. Катардын падыша үй-бүлөсүнө жакын инвестор команда үчүн 6 миллиард доллардан ашык сунуштады.

 

Ушундай эле сумманы британиялык миллиардер Джим Рэтклифф дагы төлөөгө даяр. Клуб кимге сатыла турганы бүгүн белгилүү болот. Эске салсак, “Манчестер Юнайтедке” ээлик кылып келген америкалык Глэйзерлер үй-бүлөсү өткөн жылдын декабрь айында клубду сатыкка чыгарган.