Казакстанда 1-класстын окуучуларына орус жана англис тилдерин окутуу жокко чыгарылды

Казакстандын мектептеринде жаңы окуу жылынан баштап 1-класстын окуучуларын бир эле учурда үч тилде окутуу токтотулду. Бул тууралуу Казакстандын агартуу министри Асхат Аймагамбетов жергиликтүү басылмаларга билдирген.

 

Андагы маалыматка таяна турган болсок, мындай чечим окуучулардын окуусун жеңилдетүү максатында кабыл алынган. Бул чечим окутуу мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн мектептерге тиешелүү.

 

«Экинчи жана үчүнчү тилди өздөштүрүү үчүн бала өз эне тилинде окуганды жана жазганды үйрөнүшү керек, ошондуктан мамлекеттик тилде окуткан мектептерде 1-класстын окуучулары казак тилин гана үйрөнүшөт. 2-класстан баштап орус тилин өзүнчө сабак катары, ал эми 3-класстан баштап бардык мектептерде англис тилин окутуу башталат. Ал эми окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде биринчи жана экинчи класстын окуучуларынын программасында орус жана казак тилдери калат», — деген министр.