Казакстанда McDonald’s ресторандары убактылуу жабылды

Казакстанда McDonald’s ресторандарынын түйүнү убактылуу жабылды. Тиешелүү билдирүүнү компания Инстаграм баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, буга «техникалык себептер» түрткү болду. Тамактануучу жайлар кайра качан иштеп баштаары белгисиз.

 

McDonald’s Казакстанда 2016-жылдан бери иштейт. Жалпысынан алты шаарда 23 тамактануучу жайы бар эле.

 

Буга чейин Forbes басылмасы McDonald’s компаниясы Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин Казакстандагы түйүндөрүнө күч келиши мүмкүн экенин жазган. Анткени Казакстандагы ресторандар тамак-аш даярдоочу продукциянын жарымынан көбүн Орусия аркылуу алчу.

 

McDonald’s компаниясы Украинага кол салганы үчүн Орусиядагы баардык ресторандарын жапкан. Ал жактагы түйүндөрдү ишкер Александр Говор сатып алып, «Вкусно – и точка» деген аталыш менен кайра ачты.