Казакстанда 5-июлдан 19-июлга чейин күчөтүлгөн карантин режими киргизилди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымдады.
5-июлдан 19-июлга чейин Казакстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган жайлар:
- Сулуулук салондору;
- Спорт зал, фитнес-борбор, бассейндер;
- Үстү жабык тамак-аш саткан базарлар;
- Аквапарктар;
- Музей, жарманке, конференция жана башка маданий объектилер;
- Көңүл ачуучу борборлор, мектепке чейинки балдар мекемелери;
- Диний объектилер;
- Соода жана көңүл ачуу борборлору ( караоке, бильярд, компьютердик клуб, боулинг борборлор), кинотеатр, лагерлер.