Нур-Султан жана Алмата шаарлары карантинге жабылды. Мындай чечимди президенттин алдындагы өзгөчө кырдаал режимин камсыздаган мамлекеттик комиссия кабыл алды. Ага ылайык, 19-мартта түнкү саат 12ден тарта аталган калааларда эпидемияга каршы иш чаралар аткарылат.
Адамдардын, унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип, азык-түлүк жана дары саткан түйүндөрдөн башкасынын бардыгы жабылат. Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 32ге жетти.