Кыргызстандыктар микрокредитти аз ала башташты

Кыргызстандыктар микрокредитти аз ала башташты.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, алты айда микрокредиттик уюмдар калкка 17 миллиард сомго жакын насыя беришти.

Маалым болгондой, кредит алгандардын саны 298 миңге жакын адамды түздү.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,5 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү дээрлик 2 процентке аз.

Насыялардын көбү Бишкек жана Ош облусуна берилген.