Кенияда жергиликтүү тургун, 8 жыл сүйлөшүп жүргөн жигитин сотко берди

Кенияда жергиликтүү тургун, 8 жыл сүйлөшүп жүргөн жигитин сотко берди. Себеби – эркек ага үйлөнүүдөн баш тартканында. 26 жаштагы бийкеч качан күйөөгө тием деп күтүүдөн тажаганын айтып, анын убактысын жөндөн жөн короткон жигитти жоопко тартууну өтүндү.

 

Эркек болсо, муну тойго каражаты жок болгону менен түшүндүрдү.  Сот болсо арыз менен таанышып, кыз-жигитке жөн гана жарашууну сунуштады.