Англияда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын оюндарында жеңүүчүгө божомол жасаган жаңы жаныбар тартууланды.
Ал Камилла аттуу төө. Ал Англия – Иран оюну алдында эки өлкөнүн желектери ортосунда Англияны тандаган.
Чындыгында эле Гарет Саутгейттин командасы ирандык футболчуларды 6:2 эсебинде талкалады. Эске салсак, ар бир дүйнө чемпионатында ар кандай жаныбарлардын божомолдору жарыяланып келет. Бирок алардын эң популярдуусу осьминог Пауль болгон. Ал 6 жолу Германия курамасын тандап, жаңылган эмес.